Кыргыз элинин улуу демократ акыны Токтогул Сатылгановдун ысымын сыймык менен алып жүргөн Токтогул атындагы №1-орто мектеби 1956-жылы өзүнө биринчи окуучуларын кабыл алган.

1956-1960-жылдары башталгыч, андан көп өтпөй 7 жылдык билим берүүчү мектеп болуп, ишин уланткан.1963-жылы азыркы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин филиалы Кара-Көл технологиялык институтунун эски имаратында жаш муундарга билим берүүсүн уланткан.1963-жылдан баштап азыркы Токтогул атындагы №1мектептин 1-окуу корпусу пайдаланууга берилип, ушул жылдын 1-сентябрынан окуучуларды кабыл алган. Окуу эки тилде – кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн.Анткени ал убакта калктын көпчүлүгү ГЭС курууга келген орус жана башка улуттагы элдердин өкүлдөрү болушкан жана ошол мезгилдин талабына жараша орус тилди үйрөнүү элдин негизги максаты жана шарты болгон.

         Азыркы Токтогул атындагы №1-орто мектебинин имараты 1963-1965-жылдары курулуп, эксплуатацияга берилген. Жалпы аянты 21624,0 м2 түзөт.

       Мектептин 2-корпусу 1965-жылы пайдаланууга берилип, 1994-жылга чейин окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлүп келген.Ошол кезде Кара-Көл шаарында элге билим берүү бөлүмү ачыла элек болгондуктан Таш-Көмүр шаардык элге билим берүү бөлүмүнө баш ийип, №6-орто мектеп болуп аталчу.

         1977-жылы Кара-Көл шаар статусун алгандан кийин шаарыбызда элге билим берүү бөлүмү ачылып, мектеп "Токтогул атындагы №1орто мектеп" болуп аталган.

         Мектеп  сыйымдуулугу боюнча 850орунга  ылайыкталган.

    2015-жылдан баштап "мектеп-гимназия" статусуна ээ болгон.

             Мектеп  уч кабаттуу  эки корпуста  жайгашып, 4939,07 кв. метр окуу аянтына ээ. 1963-жылы курулган бул мектепте 1 кичи жыйындар залы, 1 спортзал, 1 ашкана, 41 класстык  бөлмө жана башка кошумча көмөкчү бөлмөлөр бар.

             Мектепте  материалдык-техникалык базага жетишерлик көңүл бурулган, химия жана физика лабораториялары, 2 компьютердик класс кабинет иштейт.

 Мектепте 20 компьютердик техника, 4 принтер, 14 телевизор жана ,3 проектор экраны менен,  2 интерактивдүү такта, ар бир мугалим өз каражатынын эсебинен ноутбук менен  камсыз болгон жана бардыгы иштейт.