Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин директору Тагаева Рахат Аралбековна 9-11-класстын окуучуларына жана ата-энелерине Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 25-беренесине ылайык 2024-2025-окуу жылында жалпы билим берүү мектептеринде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү негизги жалпы билими жөнүндогү күбөлүктөрдү жана жалпы орто билими жөнүндөгү аттестаттарды тапшыруу аземиндеги окуучулардын коопсуздугу тууралуу буйрук менен тааныштырды.Буйрукта көрсөтүлгөн салтанаттуу аземди өткөрүүдө акча каражаттарды чогултууга,иш-чара убагында же андан сырткаркы мезгилде окуучулардын өмүрүнун коопсуздугу ата-энелердин жеке көзөмөлүндө болору, ал күнү мугалимдерден жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен нөөмөт уюштурулары айтылды. Тез күйүүчү , травматикалык фейерверктерди ,адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды , ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шаарларын учурууга тыюу салынарын эскертти
- 10 Кароолор