КАРАКӨЛ ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ МАНАС АЙТЫШТЫ
"Улутум кыргыз, урааным Манас"-
Кара-Көл ШБББнүн мектептеринен 1000 окуучу 2024- жылдын 27-апрелинде "Урааным Манас" Республикалык конкурска катышып Манас айтышты.
Белгилүү манасчы Абдыманап Сапарали, Кыргыз Улуттук Манас театрынын белгилүү манасчысы Алимбай Матов жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д.профессор Калчакеев Кубанычбек Бекболотович агайлар келип, жаш муундарга насаат сөздөрүн айтышып, балдарды өз мекенин жандай сүйгөн Манас атабыздай эр жүрөк, айкөл болушун каалашып, ак баталарын берип кетишти.
Куттуу журтубуз Кара -Көл шаарыбызда Манастан ураан чакырып, кан жанына Манастын рухун киргизип, улуттун улуулугун даңазалаган МАНАС атабыздын урпактары аман болуп, кылымдарды карытып бар бололу
https://www.facebook.com/share/v/xogNGgqJfs4McgSD/
- 1 Кароолор