Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 2-в классына класс жетекчиси Кубанычбек кызы Айпери 23- апрель -Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата "Китеп-биздин досубуз" деген темада класстык саат өттү.
"Окуу- түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап" деген Жусуп Баласагындын улуу сөзүнө токтолсок: "Анда, билимди кайдан алабыз?" деген суроо жаралбай койбойт. Албетте, "китептен" деп жооп беребиз. Китеп деген эмне? Китептин жаралуу тарыхы, түрлөрү. Китепкана деген эмне? Дүйнөдөгү белгилүү китепканалардын ички, сырткы көрүнүшүн чагылдырган сүрөттөр жөнүндө маалымат берилди. Андан соң окуучулар менен биргеликте китепканага келдик. Китепканачы Акылбекова Гульбара Ымановна окуучуларга китепканадагы ар кыл мазмуунда жазылган китептердин түрлөрү менен тааныштырды. "Окуу керемет" долбоорунун колдоосу менен келген, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу түркүн китептердин каалаганын тандап алышып, окуп, өз түшүнүктөрүн айтып бергенге жетишишти. Китеп дүйнөсүнө саякаттоо окуучуларга абдан жагып, китепке болгон кызыгууларын жан-дүйнөсүндөгү чыныгы кубануу сезимдери менен айтып беришти. Билим алуудан талбагыла, кыялкеч окуучуларым!
https://www.facebook.com/share/v/gwVeefig5pPSkzKw/
- 1 Кароолор