PISA

Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын математика мугалими Аскарбекова Айзада 25.04.2024ж. 5-класстар арасында “Акыл таймаш” интеллектуалдык таймашын өттү. Таймаштын жүрүшү 4 тапшырмадан турду.
1. Саламдашуу, команданын атын жактоо
2. Логикалык суроолор
3. Жашырылган сүйлөмдү табуу
4. PISA тапшырмалары
Ар бир класс өзүнүн командасы менен тааныштырып, команданын атын жакташты.
Таймаш логикалык суроолор менен башталып, окуучулар кызыгып иштеп, жооп берип жатышты. Жашырылган сүйлөмдү табуу тапшырмасында “ Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз” жана “Улут жүзү ак калпак” деген сүйлөмдөр жашырылып, командалар тапшырманы аткарып бүткөндөн кийин комуз жана калпак жөнүндө маалымат берилди.
PISA категориясында “Футбол” деген тапшырма берилип, суроолорду окуучулар жогорку деңгээлде аткарышты.
Жыйынтыгында
1-орун 5- “Г” класс “Билим” командасы,
2-орун 5-“Д” класс “Мурас” командасы,
3-орун 5-“В” класс “Ынтымак” командасы,
4-орун 5-“Б” класс “Бүркүт” командасы алды.
Ар бир командага математика мугалими Кырбашова Б.А. тарабынан громаталар тапшырылды
https://www.facebook.com/share/v/Ba7sLdfqRoAd4Fr9/

  • 1 Кароолор