Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучуларына "Мыкты окуучу-2024" сынагы уюштурулуп, 8-9-10-класстын окуучулары активдүү катышышты.Программанын негизинде окуучулар төмөнкү тапшырмаларды аткарышты.
1) Өзүн -өзү тааныштыруу (форма, өзүн алып жүрүүсү каралат)
2) Жаратылыш ресурстары жөнүндө долбоор жактоо (оратордук чеберчилик, темасынын актуалдуулугу, класс жетекчинин жардамы менен)
3) Логикалык суроолор
4) Окуучунун таланты (ыр, бий, кол өнөрчүлүк ж.б)
Ар бир конкурсант өздөрүнүн жогорку деңгээлде даярданып келгендиги тапшырмаларды аткарууда көрүндү.Өзгөчө долбоор жактоодо абдан аракет кылышып, жаратылыш ресурстары жана аларды коргоо керектиги баса белгиленип айтылгандыгын көрө алдык.Ар бир окуучунун талантына жана кол өнөрчүлүгүнө күбө болуп, кыргыздын таланттуу келечек ээлеринин өсүп келе жаткандыгына кубандык.Калыстар тобунун чечими менен
1-орун 8-"А" классынын окуучусу Эсенгелдиева Айчүрөк
2-орун 9-"Г" классынын
Айылчиева Азема
3-орун 8-"д" Еркеева Робия аттуу окуучуларга берилди.Калган окуучулар активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланышты
https://www.facebook.com/share/v/HmpPMYLePVGGBfDe/
- 1 Кароолор