Окуу кермет

#Окуукереметбашталгыч классбирайлыкТоктогул атындагы №1 мектеп - гимназиясынын 3-а,3-б,3-в,3-г,3-д - класстары "Окуу керемет" долбоорунун негизинде " Ата-энелер" мектебин өтүштү . Ата-энелерге "Өзүн - өзү тарбиялоо - адам болуунун эң туура жолу " деген темада слайд көрсөтүлүп түшүндүрүү иши жүргүзүлдү. Иш-чарага 23 апа,2 ата катышты.Иш - чаранын жүрүшүндө "Нарк- насил" , "Адамдын көркү-адеп" деген макал жана накыл сөздөрдүн маанилерин чечмеленип, ата-энелер өз ойлорун ортого салышты.Адам өзүн-өзү өмүр бою тарбиялаш керек экендигин түшүнүштү.Балдарга үйдөн тапшырмаларды аткарууда кандай жардам берүү керек экендигин билишти. Баланы тарбиялоодо ар кандай маселелер жөнүндө кызыктуу талкуу , суроо- жооптор жана ар түрдүү кызыктуу тапшырмаларды аткаруу болду. Жыйынтыгында жакшы маанайдагы ата- энелердин ыраазычылык сөздөрү айтылды.
Сабакты кызыктуу жана таасирдуу өткөргөн , башталгыч класстардын мугалимдери Кармышакова Зымырат, Мурзабекова Гульмира, Шакирова Авазкан, Оморова Мээрим жана Токтосунова Бурулсун болду.
 
https://www.facebook.com/share/v/MujJnFJBLBcud9fi/

  • 1 Кароолор