Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 2-в классына мугалими Кубанычбек кызы Айперинин жетеги астында "12-апрель Космонавтика күнү"- деген темада класстык саат өтүлдү. Бул сабакта: Космос, ага жүргүзүлгөн окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн негизинде космостук аппараттар жасалып, эксперимент катары жаныбарларды учурушкандыгы жана Космоско жол ачкан алгачкы адам Юрий Алексеевич Гагарин болгондугу, Кыргызстандан Салижан Шарипов учкандыгы тууралуу айтылды. Кызыгуу, изилдөө, иш- аракеттердин натыйжасында чоң өзгөрүүлөр жаралып, жашообузга жеңилдик алып келген байланыш куралдары космостук каражаттар экендигин билишти. Булар тууралуу видео көрсөтүлүп, космосту чагылдырган сүрөт тартышты.
https://www.facebook.com/share/v/8yqK5mZ3xSeyZ3n9/
- 1 Кароолор