Тарбиялык иштер

Токтогул атындагы №1 мектеп - гимназиясынын тарых сабагынын мугалими Батыркулова Жамила Дооронкуловна 04.04.24 күнү 6-"А" классына "7-апрель Элдик революция күнү!" деген темада сабак өттү. Сабактын максаты окуучуларга 2002-ж. 17-март Аксы окуялары, 2005-ж. 24-март Элдик революция, 2010-ж.7-апрелдегиЭлдик революция кыргыз элинин эркиндик, демократия, адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунда Кыргыз Республикасынын соңку жаңы тарыхындагы эң зор үч ашуу экендиги тууралуу маалымат берилди. "Бир оор жолдун үч ашуусу" деген темада доклад окулду. Окуучулар ХХк. алгачкы он жылдыгындагы демократиялык жолго багытталган Кыргызстандагы болуп өткөн окуяларды анализдеп, салыштырып, кызуу талкуу жүрдү. Ар бир кыргыз жараны кыргыз элинин эркиндик, демократия, адилеттүүлүк, мамлекеттик кызыкчылыкты өз кызыкчылыгынан жогору коюш керектигин окуучулар билишти.

https://www.facebook.com/share/v/bieg1XnwPbpQZTm1/

  • 1 Кароолор