Бир адамдан бир көчө

Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында КРнын Президентинин Билим берүү жана илим министрлигинин 2024 –жылдын 22- мартындагы № 484 /1 буйругунун негизинде ШБББ көчөт отургузуу өнөктүгүн уюштуруу жөнүндөгү 02.04.2024 буйругунун негизинде төмөндөгүдөй иш- чаралар аткарылып жатат.
“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн ,” Бир окуучудан бир көчөт”,”Бир адамдан бир көчөт” аттуу жыл сайын өтүп келген республикалык акциянын негизинде Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын эмгек жамааты жана парламент мүчөлөрү ,окуучулар тарабынан айлананы жашылдандыруу , көчөт отургузуу боюнча активдүү иш – чаралар жүрүүдө . Мектептин айлана – тегерегин жашылдандыруу максатында ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Мугалимдердин демилгеси менен бугүн 50 түп петуня жана 10 түп роза көчөтү алынып, отургузулду. Мугалимдер мектептин айлана – тегерегин жашылдандыруу үчүн арча – кайыңдарды сатып алуу боюнча демилге көтөрүштү. 5-8-класстын окуучуларынын колдоосу менен 92 түп роза көчөтү эгилди. 2-“А” классы 8 түп павлония көчөтүн алып келишти. 3-“Д” классынын окуучулары 6 алма жана 4 анар көчөтүн тапшырышты. 1-“В” классынын окуучулары 8 көчөт роза гүлүн отургузушту. Парламент мүчөлөрү тарабынан 10 түп хризантема ,2 түп сирень, 2 туя отургузушту.
 
https://www.facebook.com/share/v/7B7TpPTBXuyTmU2G/

  • 3 Кароолор