Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргузүү

Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Ташбаева Мунара Дүйшөналиевна жана соц педагог Субаналиева Гүлшан Кутманалиевна кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата Кара-Көл ШИИБдин ЖЖЭИнин улук аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты Талантбек уулу Бакыт жана жашы жете электер менен иштөө боюнча милициянын лейтенанты Бакирова Айзирек менен биргеликте тегерек столго 9-класстын окуучулары катышып, тартип сакчыларын майрамы менен куттукташып, шаңдуу ыр-бийлерин белек кылышты. Андан соң суроо-жоопко өтүшүп, тартип сакчылары тууралуу, алардын түмөн түйшүктүү жумушу жөнүндө кызыктуу суроолорго жооп алышты. Кылмыш деген эмне, анын пайда болушу, анын таасири , арты эмнеге алып барарына окуучулардын өздөрү тарткан видео ролигин көрүп, суроо-жооп кайрадан кызыгуу менен уланды. Тартип сакчылары жашы жете элек балдар менен иштөөдө дал ушул маселелер менен иштеп жатышкандыгын, алардын алдын алуу керектигине басым жасап, окуучулардын да салым кошоруна ишеним арткандыгын билдирди.
Соц. педагог Субаналиева Гүлшан окуучулардын маалыматтарды туура эмес таралуусуна жол бербөө максатында окуучуларга оюн аркылуу түшүндүрмө берип өттү. Окуучулар тегерек столдон мектеп окуучуларынын бири-бирин басмырлоосу туура эмес көрүнүш экендигин түшүнө алышты.Жыйынтыгында тартип сакчыларына ийгилик каалап, чакан белектерин беришти.

  • 1 Кароолор