Кара – Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп – гимназиясынын “Кут билим”гезитинин демилгеси жана колдоосу менен “Улуттук тарбия – руханий өнүгүүнүн негизи” аттуу “Умай эне-кут ордо” долбоорунун алкагында өткөн семинарда элдик педагогикага негизделген ачык класстык сабактар, энелер мектебинин сабактары өтүлдү. Элдик педагогика - бул улуттун сабаттуулугунун жана маданияттуулугунун башаты , анын уюткусу . Элдик оозеки чыгармачылыкта , үрп – адат ,каада -салттарда , улуттук оюндар сакталган элдин педагогикалык идеяларынын жана тарбиялык тажрыйбаларынын тутуму экендигин өтүлгөн сабактар далилдеди. Тагаева Рахат Аралбековна "Алкоо же бата берүү салты", Адишова Нурайым Жаныбековна "Кыргыздын каада-салт ырымдары", Ташбаева Мунара Дүйшеналиевна "Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгү", Мамаева Нуржамал Абдразакова, Мусаева Гүлзат Эркиновна, Нуралиева Назгүл Юнусовна "Энелер мектеби - ийгиликтин ачкычы", Назаралиева Шарипа Сатибаевна "Манас эпосундагы накыл сөздөр" (Бабалардын нускасы), Досбаева Гүлүмкан Эгамкуловна "Кыргыз акылмандыгы " (баланы бешикке салуу), Токтосунова Бурулсун Кыргызбаевна "Боз үй" деген темада ачык сабактарды өтүштү. Мугалимдер негизинен элдин тарбиялоо салттарына, үрп – адаттарына, улуттук тилдин өнүгүшүнө,мекенчил, намыскөй атуулдарды тарбиялоого токтолушту. Улуттук оюндардын ордолору уюштурулду. Арыкбаева Шарипа "Ордо оюну", Өмүракунова Элиза "Топташ оюну", Джумабаева Саблеткан "Тогуз коргоол", Эркинбай кызы Бегимжан "Жоолук таштамай", Мырзалиева Эльвира "Шакек салмай", Курамаева Наргиза "Ак чөлмөк", Жумаканова Улара "Ак терек, көк терек" Майнаева Насыйкат "Манжалар оюну", Аманбай уулу Нуржигит " Аркан тартыш" , Сатыбалдиева Эльвира "Жашынмак" оюндарын презентациялап, окуучулар практика жүзүндө көрсөтүп беришти. Ал эми Шакирова Авазкан Арыналиевна тушоо кесүү салтын көрсөтүп , энелерибиз тушоо кесүү салтын улай Канат кызы Сейилдин бөбөгү Мамадалиева Асеманын тушоосу кесилди. Таланттуу балдардын катарын толуктап Эгизбаева Үмүт Курмановна , Мурзабекова Гульмира Каналовна "Манас" ордосун ,Кадырова Айниза Сонунбековна "Комуз" ордосун көрсөтүштү. Окуучулардын руханий жан дүйнөсү көркөм окуу , манас айтуу , комуз чертүү өнөрлөрүнүн кайталангыс талант экендигин айгинелешти.
Айгул Кыдырмаева, Базаркан Жумалиева , Шарипа Сандыбаева, Халима Мамутова , Шаршенбү Абатова, Бүбүайша Кырбашова , Орунбү Чукунова ,Саблеткан Джуматаева , Калипа Токтобаева , Салима Аблакулова аттуу умай энелерибиз
семинарда көркөм элестүү баян айтышты. Умай энебиз Орунбү Чукунованын "алас" айтуусу умай энелерибиздин уучу куру эместигинен кабарлайт. Умай энелер бала тарбиялоодогу энелердин улуу касиетине токтолуп, умай энелердин ордосуна киришип, кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн, каада - салтын ,үрп - адатын көрсөтүштү. Ардагер мугалимибиз , китепканачы Базаркан Жумалиева түндук көтөрүп, боз үй тигип , кыргыз элинин нарк -насилин улаган умай энелерибиздин жолун улап келе жаткандыгы биз үчүн өзгөчө сыймык болду.
Маалымат жазган: мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу : Тагаева Рахат Аралбековна
https://www.facebook.com/karakul.edu?
__cft__[0]=AZXgbYgVQjVf6qXhQIIrUG30WmEtm92rEJByaz39MdJNBRS2cRQRGJDeCU-q8FbxFgHrwSP8DGL342nsExJYA9c3IWsbEGnrnOiITCUniSRwuR6X9dg5jAzWrUvrpKqwTIcKhYypo5K6UCrmMQTPotX7JBf_YuQ_vM9fhFxWJPhGICNEaiVYm85Ew1-Rau2d0_E&__tn__=-UC%2CP-R
- 1 Кароолор