Бүтүрүүчүлөрдун өмүрүнүн коопсуздугун сактоо боюнча ата-энелер чогулушу

6.05.2024 күнү Токтогул атындагы №1 мектеп - гимназиясында 9-11- класстарына "Акыркы коңгуроо" салтанаттуу иш- чарасын өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024- жылдын негизинде Кара -Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 26.04.2024 №87 буйругунун негизинде 2023- 2024- окуу жылын уюшкандыкта жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш- чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдун өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатындагы буйруктун негизинде 2024- жылдын 25 - майында саат 9 00 дө өткөрүлүүчү салтанаттуу иш- чарада коопсуздук чараларын камсыздоо боюнча ата - энелерге, 9-11- классынын бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иш- чаралары жүргүзүлдү. Чогулушка Кара - Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кадыров Келдибек Камчыбекович, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Орозбаев Н,Б, катышып окуучуларга , ата - энелерге коопсуздуктун алдын алуу ,"Акыркы коңгуроо" аземинде автоунаа айдабоо, жаратылышка эс алууга чыкпоо жана көңул ачып , эс алуу жайларында отурууга тыюу салынары эскертилди. Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча видеоролик көрсөтүлдү. Мектептин окуу - тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кадырова Ж.К. 9 - 11 класснын бүтүрүүчүлөрүнө ЖМА боюнча маалымат берди.

https://fb.watch/sZ2qpcLFCA/

  • 1 Кароолор