“ Устукандын чебери” деген темада класстык саат

Токтогул атындагы N1мектеп-гимназиясынын 8- “Г, Д” класстарынын класс жетекчилери Э Мырзалиева жана М Какеева “ Устукандын чебери” деген темада класстык саат өтүштү. Тарбиялык саатта биология сабагынын мугалими Токтогазы Сандыбаев "Улуттук нарк-улуттун жүзү”дегендей окуучуларга устукандоо жөнүндө маалымат берди.Кыргыз элинин эң эле сыйлуу тамагы — эт. Элибиз эзелтеден той-аштарда, жакшылык-жамандыкта сыйлуу тамак катары конокторго сөзсүз эт тартып, ар биринин жашына, жынысына, даражасына карап устукан берген.
Кыргызда эр жигит кой союп, аны жиликтөөнү, эт бышырып табак тартууну билбесе, уят катары эсептелген. Ошондой эле эт жеп, устукан алуунун да илгертен келе жаткан эрежелери бар экенин жакшы түшүндүрдү. Окуучуларга сабак кызыктуу болуп, көп маалымат алып кетишти.
https://www.facebook.com/share/v/8eSAjZ6bCBWCiYig/

  • 1 Кароолор