18 04.2024 күнү Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында методикалык семинар болуп өттү. Семинарда математика сабагынын мугалими Чыналиева Эльнура "Математикалык сабаттуулук" деген темада РiSA тапшырмалары боюнча мугалимдерге турмуштан алынган ар түрдүү математикалык маселелерди берип, мугалимдер берилген мисалдарды чыгарышты. Көрсөтүлгөн мисалдар окуучулардын математикалык сабаттуулугун өстүрөт. Математикалык сабаттуулук-бул адамдын математиканы ар кандай контекстте иштеп чыгуу, колдонуу жана чечмелөө жөндөмү. Ал математикалык ой жүгүртүүнү, кубулуштарды сүрөттө, түшүндүрүү жана божомолдоо үчүн математикалык түшүнүктөрдү, жол-жоболорду, методдорду, фактыларды жана куралдарды колдонуу, ошондой эле математикалык маселенин чечилишин камтыйт. Ушундай кыскача мазмундагы слайддар көрсөтүлүп, мугалимдерге окуучулардын "Өзүмдүн буюмдарымды өзүм иреттейм" деген математика сабагына тиешелүү болгон "Жуп сандар" темасына кыскача видео көрсөтүлүп, жыйынтыкталды
- 3 Кароолор