“PISA-2025: Билим берүүнүн сапатын көтөрүүнүн жолдору”

“PISA-2025: Билим берүүнүн сапатын көтөрүүнүн жолдору”

Токтогул атындагы №1 мектеп – гимназиясында 4.04.2024 күнү №4 педагогикалык кеңешме болду. Педагогикалык кеңешмеде мектептин директору Р.А. Тагаева “PISA-2025: Билим берүүнүн сапатын көтөрүүнүн жолдору” деген темада доклад окуду. Докладда PISA негизги үч багытта жүргүзүлөрүн айтты.
1. Окуу сабаттуулугу;
2. Математикалык сабаттуулук;
3. Табийгый илимдер боюнча сабаттуулук. Мында окуучулардын жалпы билимди жана интеллектуалдык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө баа берүүгө өзгөчө көңүл буруларын эскертти. PISA өткөрүү процедурасында мектеп директорлору,мугалимдер жана ата – энелер үчүн да анкета сунушталарын айтты.
Эмне үчүн ар бир мугалим PISA тапшырмалары тууралуу билиши жана колдонуусу керек? экендигине токтолду.
Ар бир мугалим окуучулардын фукционалдык сабаттуулугун тынымсыз өнүктүрүшү керек экендигин,бул мектептердеги билим берүү сапатын жогорулатуу менен түздөн түз байланыштуу болору айтылды. Мындан сырткары 2025-жылы негизги изилдөөгө катышуу үчүн кайсы мугалимдердин окуучулары тандалып алынары белгисиз болору, андыктан өлкөнүн бардык мугалимдери жана окуучулары PISA тесттерин билиши жана тапшырууга даяр болушу маанилүү экендиги педагогикалык кеңеште баса белгиленди.
2- маселе боюнча башталгыч классынын мугалими Кадыбекова Айгерим Арстаналыевна “Достук мектеби” аттуу долбоорду презентациялады. 3- чейректин жыйынтыгы боюнча директордун окуу- тарбия иштери боюнча орун басары Кадырова Ж.Ч. маалымат берди. Тарбиялык иштер боюнча анализ, мониторинг мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу Ташбаева М.Д. тарабынан жүргүзүлдү. Андан кийин ар түрдүү маселелер каралды.
  • 9 Кароолор