Тарбиялык иштер

Тарбиялык иштер

1-сентябрь — биринчи класс болгон балдардын жашоосундагы жаңы этаптын башталышы. Биринчи сентябрь – билим күнү ! Мектеп дүйнөсүнө кош келиңиздер!
Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясында
бүгүн билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка болуп өттү. Алгачкы куттуктоо үчүн сөз мектебибиздин директору Тагаева Рахат Аралбековнага берилип, окуучуларды билим күнү менен куттуктады. Ошону менен бирге
Кара -Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гулназира,
Кара - Көл шаарынын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевич
Кара - Көл шаардык кеңешинин төрагасы
Кимсанов Чынгыз Алманбетович билим күнү менен жалпы окуучуларды, мугалимдерди, ата-энелерди куттуктап, жылуу сөздөрүн арнашты.
Андан соң 5-"Д" классынын окуучусу Анашова Адиля "Кыргызстан" аттуу ыр тартуулады.
Ак калпактуу Ала -Тоолуу эл жерин,
Ар бир түркүн казган билим кендерин.
Ага - эже адамзаттын энеси ,
Ала - Тоодой бийик сенин эмгегин.
1- класска кабыл алынып алгач мектеп босогосун аттап, жаткан окуучуларыбыз да
майрамга куру кол келбестен өздөрүнүн даярдыктары менен келишип, көркөм ырларды айтышты.
Ошентип, жүздөрүнөн кубанычтын оттору жаркырап жанган окуучулардын эсинде кала турган шаңдуу күндүн алгачкы коңгуроосу кагылып, 2024-2025-жылдын окуу жылын ийгиликтүү баштап алдык.
Салтанаттуу азем жогорку деңгээлде болуп ѳттү. Салтанаттан кийин
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы
Сүйүнбек Касмамбетов борбордогу Т.
Сатылганов атындагы Nº69 окуу-тарбия
комплекс-гимназиясында "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар"
темасында ачык сабак өттү.
Zoom платформасы аркылуу өтүп жаткан
сабакка билим берүү жана илим министри
Догдуркул Кендирбаева жана 100 мектептен
миңдеген окуучу катышты. Алардын катарында биздин мектептин дагы 10-“А, 11-“А”,”Б” класстары да катышты.
Онлайн сабакта окуучулар билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар жөнүндө маалымат
алышты.
  • 3 Кароолор