ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ МЕНЕН КУТТУКТАШТЫ.
Бүгүн Кара-Көл шаарыбыздын мэри Н.О.Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов, ШБББнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира менен биргеликте шаарыбыздын мектептерин кыдырып "1-Сентябрь билим күнү" менен мугалимдерди жана окуучуларды куттукташты.
Жетекчилер Токтогул атындагы /1 МГ , Ч.Түлөбердиев атындагы /2 инновациялык мектепте, Фрунзе атындагы /3 ЖОББМде жана Кетмен Төбө айыл өкмөтүндөгү Хуриев атындагы /5 ЖОББМ де ошондой эле "Байчечекей" балдар бакчасына барып, жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, мектептердин жана бала бакчанын абалы менен таанышып келишти.
- 1 Кароолор