Тарбиялык иштер

Тарбиялык иштер

"Жакшы китеп- жан дүйнөнүн азыгы, адамзаттын акыл казынасы"-дегендей
Токтогул атындагы №1мектеп -гимназиясында "Китеп базары” жарманкеси уюштурулду. Жарманкеге окуучулар, ата-энелер акылга азык, билимге шериктеш болуучу үйдөгү ашыкча окуу китептерин, көркөм адабий китептерди алып келишип, бири-бири менен алмашып , арзаныраак баада сатышып жана сатып алышты. Жараманкеге жайылган китептер арзандатылган баада сатылып, окуучулар, ата-энелер өздөрүнө керектүү болгон бир топ жаңы китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Кээ бир ата -энелер мектептин китепканасына дагы ар кандай китептерди белек катары тапшырып кетишти. Жарманкеге келген ата- энелер бүгүнкүдөй китеп базары болгонуна сүйүнүшүп , балдарына окуу китептерин толуктап алгандарын айтышты. Мектептин администрациясына ыраазычылык билдиришти.
Маалымат берген Эгизбаева Ү.К.
  • 1 Кароолор