Улуттук нарк

Токтогул атындагы N 1 мектеп-гимназиясынын парламент мүчөлөрү жана мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Ташбаева Мунара 9-сентябрь - Комуз күнүнө карата “Таңшый бер, кыргыз комузу! аттуу салтанаттуу азем уюштурушту. Аземди куттуктоо сөзү менен мектеп директору Тагаева Рахат Аралбековна ачты. Кыргыз комузун даңазалаган ыр саптары айтылып, шаңдуу кыргыз бийлери менен коштолду.Кыргыздын улуттук аспабы болгон комуз тууралуу доклад окулуп, комуздун жөн гана музыкалык аспап эмес, адамдын ички дүйнөсүнүн тарыхый абалын айтып турган музыкалык баяндамачы экендигине токтолуп, маданиятыбызга эмгек сиңирген атактуу комузчуларыбыз тууралуу да маалымат берип өттү. 4-8-классынын окуучулары да кол ойнотуп ,”Алтын балалык”, “Кербезим”, Жаштар маршы”, “Сулуу кыз “ аттуу күүлөрдү чертип өтүштү. Салтанатты шаңдуу ырлар менен аяктап, келечек ээлерине кыргыз элибизди дүйнөгө тааныткан , элибиздин баалуулуктарын барктаган уул -кыздардан болсун деген тилекти айтып, азем жыйынтыкталды.

  • 1 Кароолор