Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясында 8-11 класстын кыздары үчүн чогулуш болуп, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча аймактык тескөөчү милициянын улук лейтенанты Жазгүл Маматова , милициянын лейтенанты Айзирек Бакирова жана мектептин организатору М Ташбаева ,соц педагогу Г Субаналиева ,кыздар кеңешинин төрайымы М Үтүрова катышты. Чогулушта кылмыштуулуктун , зордук -зомбулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, “Кызга кырк үйдөн тыюу “ дегендей кыздардын тартиби, жүрүш -турушу, өзүн коомдо алып жүрүү, кечинде көчөдө жүрбөө, мектеп ичинде мектеп формасы талап кылынарын, агай-эжекелерге одоно мамиле кылбоо , сабактан качпоо тууралуу айтып өттү.Айтылган пикирлерди окуучулар туура кабыл алышып, мектеп эрежелерин аткарарын убадалашты.
- 1 Кароолор