Тарбиялык иштер

Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясында 3-4-6-7-класстын окуучулары үчүн чогулуш болуп, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБ нын башчысы милициянын майору Каратаев Бакай жана Кара-Көл ШИИБдин ЖЖЭИнин улук аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты Талантбек уулу Бакыт жол коопсуздугунун жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Коопсуздук, жолдо жүрүү эрежелерин туура сактап, абайлап жүрүүнү, жол тартиби бузулса, жол кырсыктарынын болушун жаратарын, жол тартиби бузулуп, кырсыкка кабылып жаткан учурлар жөнүндө , кылмыш деген эмне жана ал эмнеге алып барары эскертилип өттү. Эгерде жол эрежелерин билген окуучулар болсо,көчө кесилишинде кездешкен кооптуу жагдайларга кабылбайт деген ойлор айтылып, окуучуларга жаңы окуу жылында ийгиликтер айтылды.
  • 1 Кароолор