Тарбиялык иштер

Тарбиялык иштер

"Гүл ачып кубат албайт,Күн болбосо,
Акындар ырдай албайт,тил болбосо..."
Ооба,ушул керемет саптардын ээси,кыргыздын таланттуу акыны Б.Алыкуловдун 140 жылдыгына карата Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы N°1 мектеп-гимназиясынын 7-б классынын кл.жетекчиси Б.Карагулова "Таланттуу акын Б.Алыкулов" деген темада класстык саат өтүп,акындын өмүр барактарына токтолуп,мезгилдин салган таскагына карабай, али күнчө эл ичинде зор ынтаа менен кабыл алынып, көкүрөк-көөдөнгө зор таасир калтырган"Мөлмөлүм","Гөзал кыз","Санат ырлары" ж.б.чыгармаларынан баян курду.
Сабактын аягына да Барпы апыздын кулакка сиңген ыр саптары чекит койду. "...Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо..."
  • 1 Кароолор