Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 11-"А" классынын класс жетекчиси Кудайбердиева Самара "Барпы Алыкулов 140 жашта" деген темада класстык саат өттү. Сабакта окуучулар акындын өмүр баянына чыгармаларына токтолушуп, ырларын көркөм окуп, талкуулашты. Акын ар кандай формадагы ырларды, таалим-тарбия, санат-насыяттарды жаратып, элди ак жашап, ак эмгек кылууга үндөп ырдаган. Элдин турмушун, эки доор басып өткөн тарыхый жолун өз чыгармачылыгында чагылдырган. Даанышман акындын чыгармаларын окуу менен бирге эл турмушунун өнүгүшү, жаркын тагдыры, үмүт тилектери менен таанышышты.
- 1 Кароолор