19. 09. Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 9-б, 9-в класстары Кара -Көл шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү уюштурган “Ачык эшик” күнүндө кызматкерлер менен биргеликте саякат жасашты. Ал жерден Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери балдарга “Өрт кантип чыгат жана кантип анын алдын алабыз “ деген темада кенен маалымат беришип, балдар менен суроо-жооп уюшулду. Кызматкерлердин суроолоруна балдар так жооп берип жатышты. Ошону менен бирге эле өрт өчүрүү үчүн керектүү жабдыктар, шаймандар, унаалары менен тааныштырышты. , Окуучулар керектүү маалыматтарды алышып, кызыктуу болгонун айтышты. Саякаттын жүрүшүндө өрт өчүрүүчү кызматкерлер кие турган формаларды кийишип, жарышуу уюшулду. Балдар өрт өчүрүү кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришип, иштерине ийгилик, ден-соолук каалашты.
- 1 Кароолор