Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты Ташбаева Мунара Дүйшөналиевна, Жумаканова Улара Абдырасуловна, Кадырова Айниза Сонунбековна Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата салтанаттуу азем уюштурушту. Салтанаттуу азем мамлекеттик тил гимни менен башталды. Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон мамлекеттик тил майрамы – бул, улуттук майрам.
Манастай дастандарды жараткан, комузга үн берип, кол ойноткон ышкыбоз жаратман элибиздин, уюткулуу улуттун жана өлкөбүздүн мамлекеттик тили катары бааланган кыргыз тилибизде көркөм ырлар айтылып, обондуу ырлар ырдалып, жаш манасчылардын аткаруусунда “Манас” айтылып, уул-кыздарыбыз комузда кол ойнотушту.
«Арыбай кылымдарды багынта бер, Ардагым,ата мурас-кыргыз тили» дегендей, көөнөрбөс, бай тилин эң жакшы өздөштүрүп, пайдаланышыбыз керек. кыргыз тили-бүтүндөй элибиздин байлыгы. ошондуктан тилибизди башка тил менен алмаштырбай, таза сүйлөп сактайлы, барктайлы,баалайлы.
- 2 Кароолор