Улуттук нарк

Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын мектептен жана класстан тышкаркы иштеринин уюштуруучусу Мунара Ташбаева мектеп парламенти жана ыктыярчы топтор менен Ант берүү аземин уюштурушту. Уюштурууга парламент активдүү катышып, кыргыз жигиттеринин образын чагылдырып, калкан найза көтөргөн , күпүлдөтүп “Манас” айткан элести чагылдырып беришти. Мектеп директору Тагаева Рахат Аралбековна сөз сүйлөп, окуучуларга жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалап кетти.Парламент мүчөлөрү жана ыктыярчы топтор милдеттерин так аткарууга, коомдук иш-чараларды уюштурууга , мектеп ичинде тартипти сактоого ант беришти.Ошону менен бирге 11-б классынын окуучусу Болотбеков Азатбек мектеп президенттигине дайындалып, мектептин уставынын негизинде иштөөгө, окуучулар жана мектеп үчүн талыкпастан эмгектенүүгө ант берди. Жаш адистердин коштоосу менен ыктыярчыларга жагоолор тагылды. Мектеп парламентинин мүчөлөрүнө бейджик тагылды.“Ыйык Мекеним” аттуу ыры менен 11-класстын окуучусу Орозова Айназик окуучулардын мекенге болгон сүйүүсүн ойгото алды.

  • 1 Кароолор