Тарбиялык иштер

КЫРСЫК ТОБОКЕЛДИКТЕРИН АЛДЫН АЛУУ
Кара-Көл шаарында кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган иш чаралар улантылып жатат.
"5-октябрь - кырсыктардын тобокелдигин азайтуу" күнүнө карата, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана медицина адистери тарабынан Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучулары менен мугалимдерине жер титирөө, өрт кырсыгы катталган учурда имараттан эвакуациялоо, жаракат алган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Ал менен катар өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мектепте өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын топтор организатор Мунара Ташбаева, АЧД сабагынын мугалими Мирлан Чокоев тарабынан уюштурулуп, иш - чаралар түзүлгөн пландын негизинде алынып барылды.
  • 1 Кароолор