Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын уюштуруучусу
М Ташбаева мектеп парламенти менен биргеликте 5-октябрь -Мугалимдер күнүнө карата “Мугалим-мөмөлүү дарак” аттуу концертин жалпы жамаатка көңүлдүү маанай иретинде тартуулап, жогорку деңгээлде тосуп алышты. Ар бир мугалимдин жүзү күлкүгө толуп, ыраазычылык билдиришти. Парламент мүчөлөрү даярдаган ыр белекке күбө болушуп, мектеп директору Тагаева Рахат Аралбековнанын каалоо тилегин угушуп, коңгуроодой үндөрү созулган уул-кыздардын обондуу ырларына, кымча бел кыздардын бийлерине, мугалимди даңазалаган көркөм ыр саптарына көңүл бурушту. Кеченин аягында мектеп парламентине ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.
- 1 Кароолор