семинар

АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИНЕ УСУЛДУК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ
Кара-Көл ШБББнүн Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын англис тили сабагынын мугалими Анарбекова Миргүл Көлбаевна "Социалдык-эмоционалдык окутуу" деген темада 2024-жылдын 9-октябрында англис тили мугалимдерине шаардык семинар өткөрдү. Семинарда шаарыбыздын англис тили сабагынын мугалимдери социалдык-эмоционалдык окутуу деген эмне,
CASEL алкагы жана социалдык-эмоционалдык окутуунун 5 компоненти болгон:
1. Өзүн-өзүн аңдап билүү
2. ⁠Социалдык аң-сезим
3. ⁠Өзүн-өзү башкаруу
4.⁠Мамиле түзүү көндүмдөрү
5. Жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу жана сабактарга СЭОну натыйжалуу киргизүү боюнча стратегияларды семинардын теория бөлүгүндө үйрөнүшүп, ал эми практика бөлүгүндө иш жүзүндө аткарышты.
Азыркы заманда жөн гана көптөн бери калыптанып калган академиялык билимге ээ болуу окуучулардын ийгиликке жетиши үчүн жетишсиз. Алар мектепте, жеке турмушунда, окуусунда, кийин жумушунда пайдасы тие турган жөндөмдөрдү өрчүтүшү керек. Бул жөндөмдөргө сынчыл ой жүгүртүү, көйгөйлөрдү чечүү, пикир алышуу жана кызматташуу кирет. Бул интеллектуалдык көндүмдөр менен катар окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү да маанилүү болуп эсептелет.
СЭО иш-чараларын сабактарда колдонуу окуучулардын жеке өсүшүн гана эмес, алардын билим сапатын да жогорулатып, классташтары жана коомчулук менен позитивдүү мамиле түзгөндү, өзүлөрүнүн кыймыл аракетине жоопкерчиликтүү чечим кабыл алганды, окуучуларды урмат-сыйга, боорукердикке дагы үйрөтөт. Социалдык-эмоционалдык окутууну билим берүү системасына киргизүү менен биз окуучулардын турмуштун бардык тармактарында ийгиликке жетүү үчүн керектүү куралдарга ээ болушун камсыздайбыз.
Класстагы позитивдүү маанайды орноштуруп жана колдоо, инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу-бул ийгиликтүү социалдык-эмоционалдык көндүмдү ишке ашыруунун пайдубалы болуп эсептелет.
Семинарга ШБББнүн алдындагы окуу-усулдук кабинеттин башчысы Т.К.Орозова, мектептин директору Р.А.Тагаева, мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж.Ч.Кадырова жана шаардык мектептердин англис тили мугалимдери катышты. Чыгармачыл мугалимдин бүгүнкү семинары теория менен практиканы айкалыштырып көрсөтмөлү да, жеткиликтүү да болду. Ар бир келген педагог усулдук куржунун толуктап кетүү менен Миргүл Көлбаевнага ыраазычылык билдиришти. Семинардын катышуучулары чыгармачылык санарип мугалимдин тажрыйбаларын сабактарында колдонуп, мындан ары дагы ушундай семинарларды байма-бай уюштуруп турууну максат кылышты. Семинар дүйнөлүк баарлашуунун тили болгон англис тилинде өткөрүлүп, мугалимдердин чыныгы тилдик байланышын күчөтүп чөйрө маанайларын көтөрдү.
Азаматсың Миргүл, бүгүнкү семинар жогорку деңгээлде даярдалып, мугалимдерге методикалык мыкты жардам көрсөтүлдү. Ишиңизге ийгилик каалайбыз!
  • 1 Кароолор