Улуттук нарк

Токтогул атындагы √1 мектеп-гимназиясында 11--октябрь "Эл аралык кыздар күнүнө"карата 10-класстын кыздар арасында "Кыздар коомдун күзгүсү" аттуу кыздар таймашы болуп өттү. Таймаштын максаты кыздардын билим алуу, ден-соолук, адамдык укуктарын коргоо, зордук-зомбулук, эрте никеге туруу ж.б кыйынчылыктардан коргоо болуп саналат.Бул таймашта саламдашуу, кыздардын коомдогу терс көрүнүштөрүн чагылдыруу боюнча сценка, кыргыз кыздарынын адебин чагылдыруу боюнча презентация тапшырмалары аткарылды. Кыздар бардык тапшырмаларды аткарышып, орундарга ээ болушту. Жыйынтыгында кыргыз кыздары дайыма күчтүү, ыймандуу, тартиптүү ,билимдүү болуп ,кыргыз элин сыймыктандырган, намысын колдон чыгарбаган кыздардан экендигин далилдешти.

  • 1 Кароолор