Тарбиялык иштер

"Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы"- демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз.1- октябрь Эл аралык карылар күнү менен мектебибиздин ардагер мугалими, Кошматова Разия апабыздын көңүлүн көтөрүп, майрамы менен куттуктап Токтогул атындагы N1 мектеп- гимназиясынын 8-“А” классы,мугалими Ташбаева М. жана 8-“Г” классы, класс жетекчиси Жумаканова У. окуучулары менен бирге белектерин алып, майрамы менен куттуктап келишти.Окуучулар апабызга өзүлөрүнүн аруу тилектерин айтышып, көңүлүн алышты. Апабыз окуучуларга ак батасын берип, окууларына ийгиликтерди каалады.
 
 
 
 
  • 1 Кароолор