Кара-Көл шаарынын мэриясы

Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясында 10.10.24 жалпы ата-энелер чогулушу болуп, жергиликтүү эл Кара-Көл шаарынын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевич жана эл өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, эл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулап, чечүү жолдорун биргеликте аңгемелешти.Жергиликтүү эл өздөрүнүн көйгөй жараткан маселелеринин чечилүү жолдору тууралуу жооп алышты.
Жол жээгиндеги жол чырактарынын иштебей жаткандыгы негизги көйгөйлөрдүн бири экендиги айтылды.Суу түтүктөрүнүн алмашылышы үй ээлери тарабынан жүргүзүлө тургандыгы такталып, жылуулук берүүчү ишкананын жетекчилери суроолорго жооп беришти. Шаарыбыздын тазалыгын сактоо –өзүбүздүн колубузда экендигин мэр баса белгилеп,жалпы жергиликтүү тургундарды айлана-чөйрөбүздү таза кармоого чакырды. Ошону менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу, жашы жете элек окуучуларды кечинде көчөгө чыгарбоо, кафелерде иштебөө жөнүндө эскертилип, рейд учурунда кармалып калса ата-энеге айып салынары айтылып өттү.Жергиликтүү тургундар көчөдө жолбун иттердин көбөйүп жаткандыгы коркунуч жаратып жаткандыгын айтышса, анын баары көзөмөлгө алынып, ит атарлар тарабынан атылып жаткандыгы белгиленди.Чогулуштун аягында шаардын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевичке аксакалдар бата беришип, ишине ийгилик каалашты.
  • 1 Кароолор