Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясында Ош шаарынын ЛОВЗ майыптар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган “Биз биргебиз” кайрымдуулук концерти өткөрүлүп, мектеп окуучулары активдүү катышышты. Концерттин жогорку деңгээлде даярдалгандыгы , окуучулардын мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоосу, алып баруучу менен бирдикте оюндардын кызыктуу ойнотулушу концертке катышкан ар бир адамды кайдыгер калтырган жок.Кыргыз ,орус тилиндеги ырларды аткаруучулар кубулжута ырдап ,окуучулар көңүлдүү олтуруп, ыраазычылык билдиришти.
- 1 Кароолор