Билим берүү

Билим берүү

Кара- Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп -гимназиясында башталгыч класстардын бир айлык декадасы өтүп жатат.
18- октябрда 3-а класстын класс жетекчиси Эгизбаева Үмүт Курмановна математика сабагынан " Канчага көп, канча эсе көп "деген темада ачык сабак өттү.
Сабакта окуучулар Окуу кереметинин "Түшүндүрүү жана негиздөө" стратегиясынын негизинде мисал,маселелерди чыгаруу менен салыштыруу болду. Окуучулардын ойлоо сезимин өстүрүү үчүн бир нече табышмактуу , кызыктуу маселелер берилди.Мугалим ар бир окуучунун математикалык тилде сүйлөө менен, берилген маселелерди чыгарууда так, туура суроо коё билүүгө багыттады.
Сабак көп кырдуу, кызыктуу болду.Окуучулар сабакка активдүү катышуу менен,ар бир берилген тапшырмаларды кызыгуу менен аткарышты.Сабак өз максатына жетти ,окуучулар алган билимдерин турмушта колдоно алышат.
  • 1 Кароолор