Билим берүү

#3№1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими Бектурганова Гүлнур 0 - "Г" класска сабат ачуу сабагынан "Аа" тыбышы деген темада ачык сабак өттү. Сабакты жагымдуу маанай менен баштады. Окуучулар үйрөнгөн ырларын жекече жана хор менен да айтып беришти. Ырдын мазмунун суроо менен жаңы темага актуалдаштыруу мыкты жүргүзүлүп, тема ачылды. Сабак кызыктуу болду. Окуучулар "Аа" тыбышынын эмнеге окшош экендигин табышты. Окуучулардын кеп өстүрүүсүнө карата бир нече сүрөттөр менен иш жүргүзүлдү. " Word woll" аркылуу сөздөрдү таптырып, сөздөрдү муунга ажыратып, оозеки сүйлөмдөрдү түздүртүү менен окуучулардын тапкычтыктарына көңүл бөлдү. Окуучулар Аа тыбышы тууралуу маалымат алып ,жазуу эрежелерине токтолду . Мугалим окуу жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча мыкты натыйжа көрсөттү.
 
 
 
 
  • 1 Кароолор