Токтогул атындагы №1 мектеп - гимназиясынын 3а- классынын окуучуларына "Баткен окуясы" деген темада класстык саат өтүлдү.
Окуучуларга Баткен коогалаңы — бул 1999-2000-жылдары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына жакын аймакта болгон кыйынчылык. Бул учурда эл аралык чыр-чатактардын натыйжасында көп адамдар кыйналганы тууралуу видео - тасма аркылуу көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ушул окуядан кийин
элдер арасында тынчтык, достук жана өз
ара түшүнүшүү маанилүү экенин түшүнүү башталганы тууралуу айтылды. Биз досторубуз менен тынчтыкта жашап, бири-бирибизди сыйлап, урматтоону үйрөнүшүбүз керек экендиги айтылып окуучулар патриоттук сезими менен ырдап беришти. Маалымат берген класс жетекчиси Эгизбаева Үмүт Курмановна
- 1 Кароолор