Билим берүү

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН БИР АЙЛЫГЫ
Кара-Көл ШБББнө караштуу Токтогул атындагы √1 мектеп-гимназиясында бир айлыктын алкагында башталгыч класстарынын мугалимдери тажырыйба алмашуу максатында предметтик ачык сабактарды жана тарбиялык саат,класстан тышкаркы иш-чараларды өтүштү. Арыкбаева Ш. мекен таануудан "Жалал-Абад шаары", Абдылдаева Г. математикадан "Эки амалдуу маселе", Абакулова Г. алиппеден "Бб тыбышы", Эркинбай к Б. "Уу тыбышы" Арыкбаева Г. "Созулма аа тыбышы", Бектурганова Г. "Аа тыбышы", Бакытбек к М. "Күз мезгили", Жумаева Г. "Буква Уу", Кадыбекова А. "Деление слов наслоги", Камбарова А. "Пайдалуу жана пайдасыз азыктар", Кубанычбек к А. математикадан "Мисал маселе иштөө", Мусаева Г. мекен таануудан "Жыл мезгилдери", Майнаева Н. "Жыл мезгилдери", Матисманова Э. математикадан "Повторение",
Мирская Л.В. кыргыз.язык "Менин досум", Мурзабекова Г. мекен таануудан "Материктер жана дүйнө бөлүктөрү", Нуралиева Н. математикадан "Барабардык, барабарсыздык", Оморова М. кыргыз тилден "Үндүү жана үнсүз тыбыштар", Токтосунова Б. математикадан "Мисал, маселе иштөө", Сатыбалдиева Э. көркөм өнөрдөн "Фантазия и воображение", Сатымамбет к А. Я и мир "Времена года. Осень", Токтосунова Ж. адабий окуудан "Жылан менен куркулдай", Шаилдаева С. мекен таануудан "Күзгү жандуу жаратылыш", Умарова А. "Закрепление изученного решение задач", Туратбек к Ч. русский язык "Деление слоги", Усонова Т. алиппеден "Пп тыбышы"деген темада сабактарды өтүшүп, тарбиялык класстан тышкаркы иш-чараларды дагы өткөрүштү. Сабактарга ШБББнүн усулдук кабинетинин методисти Ү.К.Эгизбаева, мектептин директору Тагаева Р. А, окуу - тарбия иштери боюнча диретордун орун басары Кадырова Ж.Ч. Каракозуева А.К.жана жаш мугалимдер катышышты. Сабактар окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында МКТ , интерактивдүү усулдар колдонулуп жогорку деңгээлде өтүлгөндүгүн белгилешип, мугалимдерге ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Маалыматты даярдаган:Токтосунова Бурулсун башталгыч класстарынын усулдук бирикмесинин жетекчиси
  • 1 Кароолор