Билим берүү

Билим берүү

Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими Кубанычбек кызы Айпери "Башталгыч класстарынын" декадасында 3-в классына математика сабагынан өтүлгөн теманы бышыктоо максатында маселе, мисал иштетти.
Сабактын максаты: Турмушта кездешүүчү ар кандай кырдаалдарды чагылдырган маселе, мисалдарды иштөө менен билимдерин бышыктап, алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө үйрөнүштү.
Сабактын жүрүшүндө структураны сактоо менен "Түшүндүрүү жана негиздөө" стратегиясын колдонуп, маселелерди, 100 ичиндеги сандарды кошуп кемитүүдө амалдардын иштөө тартибинин негизинде туюнтмаларды чыгарышты. Математикалык ар кандай суроолордон түзүлгөн "Туура, туура эмес" деген окуучулардын жооптору менен билимдерин бышыктады. Үйгө тапшырма берилип, окуучулар кол манжаларын түстөр менен боёп, өтүлгөн сабакты кандай деңгээлде түшүнгөндөрүн баалашты.
  • 1 Кароолор