Билим берүү

Билим берүү

Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын "Башталгыч класстар" Усулдук бирикмесиндеги бир айлыктын иш планынын негизинде Эркинбай кызы Бегимжан 1-Г классына алиппе сабагынан Уу тыбышы деген темада ачык сабак өттү. Мугалим сабакты уюштурууда ырааттуу иш аракеттерди жүргүзүү менен окуучуларда окурмандык сабаттуулукту калыптандырды.Үй тапшырмасын булуттарга жашынган тыбыштар аркылуу сурап, жаңы теманы булутка бекинген күн аркылуу ачып алынып, окуучулар болжолдуу ойлорду айтышты. Окуучулар Уу тыбышы катышкан сөздөрдү таап ,муунга бөлүп, сүйлөмдөрдү түзүшүп, тыбыштык талдоолорду жүргүзүштү. Мугалим ар бир сөздүкту практика жүзүндө урукту, куракты, тумакты ж.б буюмдарды көрсөтүү менен кызыктуу сабак өттү. Окуучулардын билим билгичтигине жасалган кайтарым байланыш шыктанууга өбөлгө түзсө жана "өзүн-өзу баалоо" менен самолетко кызыл,жашыл стикерлерди жармаштыруу менен бышыкталды.

  • 1 Кароолор