31.10.24. №1 Токтогул атындагы мектеп- гимназиясынын 9- класстын окуучуларына "Коррупцияга каршыбыз" деген темада 9- класстардын класс жетекчилери: Ибраимова Ч, Тагаева Ф, Мырзалиева Э.тарабынан маалыматтык семинар уюштурулду. Ага: 9 а, б, в, г классынын окуучулары, мептептин социалдык кызматкери Субаналиева Г. катышты.
Семинардын жүрүшүндө 9 "А" классынын окуучуларынан жумушчу топ түзүлүп, дубал газета чыгарылып, маалымат топтоп слайд түрүндө, презентация жасап беришти. Маалыматтар жемкорлук, жемкорлукка күрөшүүнүн тарыхы, дуйно өлкөлөрүнүн жемкорлук боюнча рейтингин ( 18 мамлекеттин мисалында) анализдеп, андагы Кыргызстандын ролун жана сезилүү абалы боюнча кызыктуу маалыматтарды берген Жумаева Айымжандын, Тажибаева Айзиректин (9 "А" классынын окуучулары), Кыргызстанда бул көйгөйдүн жаралышы жана аны менен күрөшүүнүн укуктук негиздери жана жүзөгө ашыруучу субъектилер, көйгөйдүн коомчулуктун турмушуна таасири жөнүндөгү Мамажунусова Алиянын, Карабекова Адеминин (9 "А" классынын окуучулары ) маалыматтарын окуучулар өтө кызыгуу менен угушту. Берилген суроолорго кызуу талкуулар жаралып, окуучулар жемкорлук менен күрөшүүдөгү өз салымдарын түшүнүп жетүүгө өбөлгө түзүлдү.
Жемкорлукка каршы ырлар окулуп, макал- лакаптарды айтышты. Бугунку маалыматтык семинар жемкорлук менен күрөшүүдөгү түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшүн маанилүү иш- чараларынын бири болду. Мындай иш чаралардын байма- бай болушу жемкорлукту өлкөбүздөгү туруктуу социалдык- экономикалык өнүгүүгө тоскоолдук кылып жаткан көйгөйдү келечекте жүргөнгө салым кошот. Семинар окуучулар тарткан видеону көрүү менен И.Р. Раззаковдун " Сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот" деген даанышман ою менен жыйынтыкталды.
Кез келгенде акыл айтты дебегин,
Бул өмүрдө киши акысын жебегин.
Жол көрсөтүп улуу менен кичүүгө,
Адал иштеп, ак эмгектен көгөргүн.
Паракорлук бүт тамырлап турганда,
Күрөшөбүз түбү менен жулганга.
Уят көрөм киши акысын жегенди,
Сен эч качан жол бербегин мындайга.
Кебелбеген кендир кесип турганда,
Жемкорлукка күрөшкөндөр көбөйсүн,
Жолтоо болбой ак эмгекке, мээнетке,
Жашообуздан коррупция жоголсун.
Өнүгүүгө тоскоол болуп турбайбы,
Түбү менен жоготолу андайды.
Келечектин гүлдөп- өсөр жолуна,
Калтырбайлы бөгөт болчу мындайды.
Өлкөбүздө таза мыйзам иштесин,
Өнөкөтчү өз бармагын тиштесин.
Уят көрүп жемкорлуктан баш тартып,
Туура жолго өзүн - өзү түздөсүн.
Коррупция мыйзамсыз жол, ал келечектин пайдубалын бузат.
Автор : Тагаева Ф.А.
- 1 Кароолор