Билим берүү

Билим берүү

Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназия
сында Кара кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана кыргыз тилинин 35 жылдыгына карата 7-класстар арасында "Акыл таймаш" интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
7-а классынын "Ынтымак",7-б классынын "Жеңиш", 7-в классынын "Илим-билим", 7-г классынын "Жаш канат" аталышындагы 5 окуучудан турган топтор оюндун эрежеси боюнча көрүүчүлөр менен саламдашып,топтун атын жактап,кыргыз тилинен,кыргыз адабиятынан, алгебрадан, Кыргызстан тарыхынан,география жана улуттук нарктан 2 ден суроолорго жооп беришип, өз куржундарына упай топтошту.
Окуучулардын билимге болгон кызыгуусун ойготуу,элибиздин тарыхын,маданиятын,тилин сактоо, руханий дөөлөттөрдү даңазалоо максатын көздөгөн таймаш соңунда 1-орунду "Жаш канат",2-орунлу "Жеңиш" менен "Илим-билим", 3-орунду "Ынтымак" тобу ээлешти.
Биздин каалоо: - Келечекке багыт алган окуучуларыбыз,
силер - "Жаш канатсыңар"!"Илим-билимдүү" болуп, "Ынтымакта" жүрүп, жашооңордо дайым "Жеңиш" менен жүргүлө!
  • 1 Кароолор