Билим берүү

Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында башталгыч класстардын бир айлыгынын алкагында, 3-класстар арасында билимин сыноочу «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюн өткөрүлдү . Кыргыз тили, математика, мен жана дүйнө, логика боюнча суроолорго жооп беришип, упай топтошту. Топтогон упайдын жыйынтыгы боюнча:
1-орунга 3- “в” класс, 2-орунга 3- “б” класс, 3-орунга 3- “а” класс ээ болушту. Интеллектуалдык оюнду Нуралиева Назгүл даярдады жана өткөрдү.
  • 1 Кароолор