Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Ташбаева Мунара Дүйшөналиевна класс жетекчилер үчүн “Класс жетекчиге кат” аттуу семинар уюштурулуп, алгач класс жетекчилерге тесттик суроолор берилип, активдүү катышышты. Жагымдуу жагдай менен биргеликте ар түрдүү кырдаалдагы суроолорго жооп табышты. Мектептеги класс жетекчилердин окуучуларга мамилеси жана алардын чыңдалышы, класс ичиндеги ынтымак, окуучулардын социалдык абалын ар бир класс жетекчи милдеттүү түрдө билүүсү керектиги айтылып, мугалимдерге окуучулардын жан дүйнөсүнөн чыккан сырлары менен бирге мектеп жашоосундагы кетирилген кемчиликтер тууралуу ой толгоолору кат аркылуу берилгендигин угушуп, класс жетекчилер кызуу талкууга алышты. Өз ойлорун , көйгөйлөрүн жана сунуштарды ортого салып талкуулашты, Семинар максатына жетти.
- 1 Кароолор