Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын 7-8-9-10-класстар арасында “Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн инсандык мүнөзүн жана жүрүм-турумун калыптандыруу жөнүндө” шаардык мэриянын 2024-жылдын 21-октябрындагы N577 буйругунун негизинде өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, укук бузуучулуктун алдын алуу максатында футбол мелдеши өткөрүлүп, жалпы 8 команда катышты. Окуучулар активдүү катышышып,1-орунду 10-б классы,
2-орунду 10-в классы,
3-орунду 8-классы ээлеп, “ Эң мыкты оюнчу” номинациясына Айтмурзаев Актан , “Эң мыкты коргоочу” номинациясына Үчбаев Акыл, “ Эң мыкты дарбазачы” номинациясына Абылкасымов Атай ээ болду. Мелдеш эң жакшы өтүп, максатына жетти.
- 1 Кароолор