Тарбиялык иштер

Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын 5-классына дене тарбия мугалими Еркеев Назар тарабынан “Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн инсандык мүнөзүн жана жүрүм-турумун калыптандыруу жөнүндө” шаардык мэриянын 2024-жылдын 21-октябрындагы N577 буйругунун негизинде өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, укук бузуучулуктун алдын алуу максатында эстафеталык оюндар жана кыргыздын улуттук оюндарынын бири аркан тартыш оюну ойнолду. Окуучулар аркан тартышта бири-бири менен ынтымакта күчтүү делген командага орун ыйгарышты. Андан соң эстафеталык оюнга кезек берилип, окуучулар айтылган иш-аракетти так аткарып жатышты.Жыйынтыгында достук жеңип, окуучулар шамдагайлыкка, тездикке, күчтүүлүккө багыт алышты.

  • 1 Кароолор