Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими Куйпиева Меис Райымкуловна Кыргызстандагы Америка Элчилиги уюштурган C5+ONE программасы боюнча Кара -Көл шаарындагы энергетика тармагында иштеген адистерди англис тилинен окутуп, энергетика тармагында тажрыйба топтоду. Окутуу мезгилинде курстан өтүп, билимин жогорулатты. Жыйынтыктоочу бүтүрүү аземинде окуучулары ийгиликке жетип, эл аралык сертификатка ээ болушту. Садырбеков Марс, Таев Нурлан, Кармышов Нурсултан жана Нурадил англис тилинде “ Кыргызстандагы энергетика тармагы” деген темада презентацияларын жакташташты. АКШ Элчилигинин Кыргызстандагы координатору Женевив Балдерстон Кара -Көл шаарына келип, окуучуларга сабак өттү.
- 1 Кароолор