Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназия
сынын футбол талаасы.Кеч күздөгү күндүн мээрими.Чак түш.Кызыл-тазыл шаарларды кармап чурулдаган окуучуларына кошулуп,жылмаюудан тажабаган класс жетекчилер да балдарына кошулуп кубанычта...
Сергек жашоо мүнөзү боюнча 7-класстар аралык спорттук таймаш болду.7-а классынын "Шамдагайлар",7-б классынын "Ынтымак",7-в классынын "Зиректер",7-г классынын "Ден соолук" командаларынын ортосунда топтун атын чечмелеп ураанын айтып,кол күрөш,аркан тартыш,топ менен,шар менен толук катышуучулары менен бирдикте аткарыла турган,биримдикке, сабырдуулукка,шамдагайлыкка тарбиялай турган оюндар аткарылып, көрүүчүлөрдү да,катышуучуларды да жашоонун сергек мүнөзүн күтүп, келечекке кадам таштоо керектигине ынандырышты.
5-классыбыздан бери мындай ынтымакка көнгөн классташтар бул жолку оюнда ынтымак жеңгендигине сүйүнүшүп,кезекте болуучу мелдеште артыкчылык кылууну максат кылышты.
Жүздөрүнөн күлкү төгүлгөн,бардык оюнга шайма-шай болгон кымбаттуу окуучуларыбыз,силерди шыктандырган оюндардан күтөбүз! Меис,Бегимбү,
Жамийла,Айжан эжейлериңер!
- 1 Кароолор