Тарбиялык иштер

Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын мектеп парламенти тарабынан “ Жашыл аалам биз менен” долбоору колдоого алынып, жыл сайын өз ишин улантып келет. Класс жетекчилер тарабынан колдоого алынып, кереги жок китептер, толгон дептерлер, талаага чачылып иретсиздикти жаратпоо үчүн ар бир класс ай сайын кереги жок таштандылардан макулатураларды бөлүп алып ,өзүнчө чогултуп, парламент мүчөлөрүнө тапшырышат. Чогултулган макулатураны мектеп парламенти кайрадан сорттоп, иреттеп тапшырышат. Андан түшкөн каражатты чогултушуп , класстан тышкаркы иштерди жасоодо , майрамдарда мектеп жасалгалоосунда колдонушат. Ар бир инсан айлана-чөйрөнү таза кармоого милдеттүү!
 
 
 
 
 
 
  • 1 Кароолор