14.11.2024
Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү.
It тармагында болуп жаткан курстар жана алардын пайдалуулугу жөнүндө окуучулардын билим алуусуна шар түзгөн кошумча маалыматтар менен атайын адистер тааныштырып, маалымат берди.
Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн метод кабинетинин башчысы Орозова Тилек Касымалиевна 12жылдык билим берүү жана анын таасири трансформация тууралуу слайд аркылуу баяндама жасады.
КРсында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы жөнүндө тааныштырып, баяндамадагы маанилүү учурларын ата-энелерге баса белгилеп, ата-энелердин суроолоруна Тилек Касымалиевна так жооп берип жатты.
Мектептин директору Тагаева Рахат Аралбековна ата-энелер тарабынан берилген суроолорго кошумча маалыматтарды берди.
Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жетелектер менен иштөө боюнча милициянын лейтенанты Маматова Жазгүл мектептин ички тартиби, түн ичинде окуучу балдардын көчөдө жүрбөө керектигин ,кыз балдардын гигиенасы, жүрүм-туруму, телефонду туура пайдалануусу, ата-энелердин туура тарбия берүүсү тууралуу айтып өттү. Ата-энелер 12 жылдык билим берүү боюнча кенен маалымат алышты.
- 1 Кароолор